25-ноябрда Кытайда 4,4 баллга жеткен жер титирөө болду, деп билдирди Казакстандын Улуттук ядролук борборунун Геофизикалык изилдөө институту.
Кытайда 21-ноябрда 5,0 баллга жеткен жер титирөө болгону маалым. Кийинки күнү, 22-ноябрда 5,2 баллга жеткен дагы бир жер титирөөлөр катталган. 23-ноябрда дагы күчү 4,9 баллдык жер силкинүү болгону белгилүү. Ал эми 24-ноябрдагы силкинүүнүн күчү 4,4 баллга жеткен.
Жыйынтыкта, Кытайда акыркы беш күндө эле катары менен жер титирөөлөр катталды.