Бүгүндөн тарта Чүй облусундагы «Чалдыбар — автожол» өткөрүү пункту аркылуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөөлөр Казакстандын чектеш жайгашкан «Сыпатай Батыр — автожол» бекетинде жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштерине байланыштуу киргизилүүдө.
Чектөөлөр эки этап менен ишке ашат:
23-ноябрдан тартып Казакстандан Кыргызстанга кирүүчү жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө жарым-жартылай чектөө коюлду;
25-ноябрда саат 01:00дөн тартып — жеңил жана жүк ташуучу унаалардын, ошондой эле автобустардын эки багытта тең өтүүсү толугу менен токтотулат.
Ал эми жөө жүргүнчүлөр чек арадан мурдагы тартипте эле өтө алышат.