Бүгүн, 25-ноябрда, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго 63 жаңы транспорт каражатын тапшырды. Бул тууралуу аталган иш башкармалыктан билдиришти.
Жаңы транспорт каражаттары өлкөнүн аймактарында айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өткөрүүдө пайдаланылат.
Алардын ичинен:
* C1E категориясы боюнча — 18 чиркегич (LKW Center);
* C категориясы боюнча — 17 ISUZU;
* C1 категориясы боюнча — 16 ISUZU;
* D категориясы боюнча — 12 JAC SUNRAY.
Жаңы автоунаалар заманбап видеокөзөмөл системалары менен жабдылып, экзамен кабыл алуучу кызматкерлер бодикамералар менен камсыздалган. Кийинки этапта практикалык экзамендерди кабыл алуу процессин автоматташтыруу пландалууда.
Белгилей кетсек, буга чейин, 6-ноябрда, Каныбек Туманбаев мамлекеттик автомектептерге B категориясы боюнча практикалык сабактарды өткөрүү үчүн 70 жаңы автоунаа тапшырган. Ошентип, ноябрь айында айдоочуларды даярдоо жана экзамендерди өткөрүү үчүн жалпысынан 133 жаңы транспорт каражаты берилди.
Мамлекеттик борбордун инфраструктурасын жаңылоо иштери да активдүү жүргүзүлүүдө. Буга чейин Ош шаарында жаңы автодром пайдаланууга берилген.
Ал эми Бишкек шаарында Мамлекеттик борбордун тарыхында алгачкы жолу өзүнүн көп функционалдуу комплекси курулууда. Анда борбордук аппарат, Бишкек шаарындагы бардык аймактык бөлүмдөр, каттоо кызматтары, теориялык жана практикалык экзамендерди кабыл алуу жайлары бир жерге топтолот. Комплекстин аймагында заманбап технологиялар менен жабдылган ири автодром да курулууда.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында дагы эки заманбап автодромдун курулушу жүрүп жатат.
Президенттин тапшырмасы менен жүргүзүлүп жаткан реформалар айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга, экзамендердин ачык-айкындуулугун камсыздоого, адам факторун жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга багытталган.