Өлкөдөгү бардык шайлоо участкалары видеокөзөмөл камералары менен толук камсыздалып, жарандар каалаган жердеги добуш берүү процессин онлайн режимде көрө алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Төраганын айтымында, ошондой эле шайлоо күнү Бишкектеги Парк-Отель мейманканасында коомдук палата ачылат. Максаты – аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүү.
“Ал жерге каалаган жаран, журналист, байкоочу же шайлоого кызыккан адамдар келип, өлкөнүн каалаган аймагындагы шайлоо тилкесиндеги кырдаалга видеокамералар аркылуу көз сала алышат.
Мисалы, кимдир-бирөө Талас облусунун Манас районундагы кайсы бир айылдын шайлоо участкасын көргүсү келсе, операторлор бир-эки секунддун ичинде ошол тилкени ачып беришет. Ошентип, каалаган адам шайлоонун жүрүшүнө онлайн режимде өз көзү менен көз сала алат”, — деди ал.