Бишкек шаарындагы “Олд Бишкек” соода комплексинде сүрөт галереясы ачылды.
Галереяга жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлуп, соода комплексине келген бардык каалоочулар аларды акысыз көрө алышат.
Долбоордун максаты — сүрөтчүлөрдүн эмгегин таанытуу жана сүрөт искусствосун кеңири жайылтуу.