Министрлер кабинети менен «Лифан аккумулятор заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, келишим ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга багытталган.
Долбоорго салынуучу инвестициялардын жалпы көлөмү 1 млрд сомду (болжол менен 11,5 млн АКШ долларын) түзөт. Долбоор Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында жайгашкан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө багытталган.
Ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү бир нече багытты камтыйт, анын ичинде аккумулятор батареяларын өндүрүү, аккумуляторлордун калдыктарын кайра иштетүү, алюминий жана жез калдыктарын кайра иштетүү, электр зымдарын жана кабелдерин өндүрүү, ошондой эле фотоэлектрдик продукцияларды даярдоо.
Долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын өнөр жай секторун өнүктүрүүгө, ата мекендик өндүрүштүк жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүүгө, ошондой эле аймактардын экономикасына инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.