«Баатыр энелердин» кошумча төлөмү 5 миң сомго көбөйөбү?

«Баатыр энелерге» берилүүчү пенсиялык кошумча төлөмдү көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, 3 окууда кабыл алынды.

Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, «Баатыр эне» ордени ыйгарылган 30 609 энеге 2027-жылдын 1-январынан тартып ай сайын 5000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм берүү каралган.

Жогорку Кеңештин жыйынында баяндама жасаган демилгечилердин бири, депутат Камила Талиева мыйзам долбоору көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүү жана өлкөнүн демографиялык өнүгүүсүнө салым кошкон аялдардын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

«Учурда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылган энелердин пенсиясына айына 1000 сомдук үстөк белгиленет. Бул сумма 2011-жылдан бери кайра карала элек. Учурдагы экономикалык кырдаалды жана негизги азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалардын өсүшүн эске алганда, бул төлөм өзүнүн түрткү берүүчү жана колдоо көрсөтүүчү функциясын жоготту», – деди депутат.

19 Ноябрь 2026 жыл 15:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча