Бишкекте лицензиясы жок иштеген такси айдоочуларын аныктоо жана алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча рейд өткөрүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузган айдоочуларга айып пул салынганын мэриядан кабарлашты.
Муниципалитеттен белгилешкендей, автобекеттин аймагында мыйзамсыз токтоп, жүргүнчүлөргө жана жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Айдоочуларга атайын бөлүнгөн унаа токтотуучу жайды пайдалануу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү салуу жана түшүрүү иштерин белгиленген жерде гана жүргүзүү сунушталды.
Мыйзамсыз жүргүнчү ташуу фактыларынын алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат дешет мэриядан.