Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева 18–19-ноябрда Манила шаарында өткөн балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча экинчи глобалдык министрлер конференциясына катышты.
Конференция Филиппин өкмөтү, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, ЮНИСЕФ жана БУУнун башкы катчысынын балдарга карата зомбулук маселеси боюнча атайын өкүлү тарабынан уюштурулду. Ал 2024-жылы Боготада өткөн биринчи конференциянын уландысы болду. Анда Кыргызстанды кошкондо 100дөн ашык мамлекет улуттук милдеттенмелерди алган.
Конференцияда Кыргызстан зомбулуктун алдын алууга, тобокелдиктерди эрте аныктоого жана үй-бүлөнү колдоого багытталган үч улуттук милдеттенмени сунуштады:
Конференциянын жүрүшүндө Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин балдарды коргоо жана миграция боюнча директору Шима Сен Гупта жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрайымы Софи Киладзе менен жолугушту. Тараптар балдардын укуктарын коргоо жана эл аралык кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Кабыл алынган милдеттенмелер мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, социалдык кызматтардын жана үй-бүлөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирет жана ар бир балага коопсуз балалыкты камсыздоого багытталган.