Кыргызстанда 14 жашка чейинки баласын жалгыз тарбиялап жаткан ата-энелерге жумуштан бир саат эрте кетүүгө же бир саат кеч келүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Мында алардын айлык акысы толук сакталат. Тиешелүү өзгөртүүлөр Эмгек кодексине киргизүү үчүн коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Документке ылайык, иш берүүчүлөр мындай кызматкерлердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, балдардын санына жана жумуш убактысынын режимине карабастан, күнүнө (кезметинде) бир саатка жумуштан бошотууга милдеттүү болот. Бул убакыт кызматкердин тандоосу боюнча жумуш күнүнүн башында же аягында берилет.
Эмгек акы жана кепилдиктер:
Кимдер ала алат жана кандай тартипте берилет?
Мыйзам долбооруна ылайык, баланы күн сайын кароо жана тарбиялоо бир эле ата-энеге жүктөлсө, ал эми экинчи тарап балага такыр катышпаса же болгону алимент төлөп, кээде гана жардам берип турса, бул «баланы өз алдынча тарбиялоо» деп эсептелет. Бирок жубайлардын ажырашканы эле мындай жеңилдик алуу үчүн жетишсиз — баланы күнүмдүк тарбиялоого экинчи ата-эне иш жүзүндө катышпашы керек.
Бош убакыт алуу үчүн кызматкер арызга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн (камкорчулар дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн) тиркеши керек. Кошумча тастыктоочу документтердин жоктугу жеңилдик берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт жана экинчи ата-эненин макулдугу талап кылынбайт. Бошотуу арыз берилгенден кийин беш жумушчу күн өткөн соң бериле баштайт.
Укуктун токтотулушу жана мыйзамдын күчүнө кириши:
Бала 14 жашка толгондо, баланы өз алдынча тарбиялоо же камкорчулук ыйгарым укуктар токтотулганда бул укук токтотулат. Кызматкер мындай жагдайлар өзгөргөнү тууралуу билген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде иш берүүчүгө кабарлоого милдеттүү. Эгер талаш-тартыш жаралса, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин кызматкерге бир сааттык бош убакыт бериле берет.
Азырынча бул мыйзам чыгаруу демилгеси гана. Тиешелүү өзгөртүүлөр кабыл алынган учурда гана жаңы тартип күчүнө кирет.