Чүй облусунда ишкерлерден 100 миң доллар опузалап талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Комитеттин маалыматы боюнча, багбанчылык шериктештигинин төрагасы өзүнүн шериги менен биргеликте кум-шагыл аралашмасын казып алуу боюнча мыйзамдуу ишкердик ишмердүүлүгүнө жасалма тоскоолдуктарды жаратуу менен коркутуп, ишкерлерден жогоруда көрсөтүлгөн сумманы талап кылганы аныкталган.
17-ноябрда талап кылынган акчанын 30 миң долларын алып жаткан жеринен 1989-жылы туулган Ж.У.К. жана анын шериги 1969-жылы туулган К.Т.М. кармалды.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын жана кылмышка тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.