Кечээ Кыргызстанда төрт жер титирөө болуп, бүгүн дагы бир жер силкинүү катталды. Мындай маалыматты Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Кечээ күчү 3 баллдан 3,5 баллга чейин жеткен жер алдындагы силкинүүлөр саат 05:02де, 11:56да, 15:20да жана 15:36да катталган. Алар Баткен, Ош жана Нарын облустарында сезилген.
Сейсмологдордун маалыматына караганда, бүгүн саат 02:39да өлкөнүн түштүгүндө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында — Бор-Дөбө айылынан түштүк-чыгышты карай 7 чакырым, Ош шаарынан түштүк-чыгышты карай 125 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллды түздү.