Эртең, 20-ноябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +3…+8 күндүз +17…+22
Таласта түнкүсүн +1…+6 күндүз +15…+20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8 күндүз +17…+22
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2 күндүз +8…+13
Нарында түнкүсун -5…-10 күндүз +8…+13
Бишкекте түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 болот.