Кумтөр кениндеги алтын ылгоочу фабрикада жүргүзүлгөн модернизациялык иштердин натыйжасында алтын бөлүп алуу көрсөткүчү 3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылы фабрикага көлөмү 3 миң 200 куб метрден болгон эки эритүүчү казан орнотулган. Бул жылына кошумча 100 килограммга чейин алтын бөлүп алууга шарт түзөт.
Ал эми 2024-жылы Борбор Азияда алгачкы жолу мунаралуу тегирмендер ишке киргизилип, долбоор кошумча 155 килограммга чейин алтын алууга мүмкүнчүлүк берген.
«Мындан тышкары, 2026-жылы үч буу генератору пайдаланууга берилген. Жүргүзүлгөн жаңылоолордун натыйжасында рудадагы алтындын үлүшү төмөндөгөнүнө карабастан, фабрика алтын бөлүп алуу көрсөткүчүн 76 пайыздан жогору деңгээлде сактап келет», — деп айтылат маалыматта.