Ошто жол кырсыгынан 7-12 жаштагы эже-сиңди каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан бир тууган эже-сиңди каза болду. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык 17-ноябрдын таңында болгон.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолунун 5-чакырымы — Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылында 18 жаштагы айдоочу (М.К.) Daewoo Matiz үлгүсүндөгү машине менен чыгышты көздөй бара жатып эки өспүрүм кызды ( 2014-жылы туулган М.Ф. жана 2019-жылы туулган М.С.) сүзүп кеткен.

Кыздар Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 18-ноябрда алган оор жаракатынан ооруканада каза болгон.

Бул факты Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, автоунаа айып короого токтотулду. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

20 Ноябрь 2026 жыл 17:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча