Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталды

Кыргызстанда он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун 23 миң 414 фактысы катталды. ИИМдин маалыматына караганда, бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28 пайызга көп.

Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жактарга карата 19 миң 345 убактылуу коргоо ордери берилген. Бир жыл мурун алардын саны 14 миң 326 болгон. Жалпы берилген ордерлердин ичинен 18 миң 25ин эркектер, 1 миң 320сын аялдар алган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын арасында — 17 миң 699 аял, 1 миң 128 эркек жана 520 жашы жете элек өспүрүм бар, анын ичинде 221и эркек бала жана 299у кыз.

Укук бузуулардын бирдиктүү реестринде үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 7 миң 638 материал катталган. Соттордун чечими менен 3 миң 901 адам камакка алынып, дагы 2 миң 362 адам коомдук иштерге тартылган. 454 учурда соттор айып пул салган.

Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктун 535 фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш башталган. Сотко 326 иш жөнөтүлүп, 152 сотко чейинки өндүрүш токтотулган, 34ү убактылуу токтотулган. Дагы 23 иш өндүрүштө турат.

Атап айтканда, адам өлтүрүүнүн — 31, ден соолукка оор залал келтирүүнүн — 32, кыйноонун — 68, зордуктоонун — 37 фактысы жана КР Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча 41 кылмыш катталган.

20 Ноябрь 2026 жыл 14:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча