Скульптор «Ала-Арча» жаратылыш паркында каза болгон 14 жаштагы Амирдин скульптуралык портретин жасап жатат

Белгилүү скульптор Тамила Маматова «Ала-Арча» жаратылыш паркында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун скульптуралык портретин жасап жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. Скульптордун айтымында, бул эмгек ал үчүн жөн гана көркөм чыгарма эмес, терең эмоционалдык мааниге ээ жеке тарых.

«Амирдин ата-энеси жана жакындары менен жолугуп, үй-бүлөсү тууралуу маалымат алдым. Туугандарынын айтымында, Амир үй-бүлөдөгү 3 уулдун эң кичүүсү болгон. Анын 2 агасы бар. Ал акылдуу, шайыр, ачык-айрым, чыр-чатакты жактырбаган жана адамдар менен тил табыша билген бала болгон.Адамдын портретин жасап жатканда, көз алдыңда бүтүндөй өмүрү алдыда турган жаш адамдын элеси турганын түшүнүү өзгөчө оор», — деп жазган Маматова.

20 Ноябрь 2026 жыл 14:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча