Эки өспүрүмдү пневматикалык курал менен жарадар кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 2026-жылдын 17-ноябрында Чүй райондук ооруканасынан милицияга эки жаш өспүрүмдүн пневматикалык мылтыктан атылган октон жаракат алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
» 2013-жылы туулган Т.Р. жана 2015-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүмдөр жаракат алышкан. Аталган факт Чүй РИИБге катталып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 2002-жылы туулган Т. У. аттуу жаран аныкталып, кармалды. Ал өз ыктыяры менен 4,5 мм калибрдеги «Hatsan AirTact» үлгүсүндөгү пневматикалык мылтыкты милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.Алдын ала маалымат боюнча, аталган жаран 2026-жылдын 17-ноябрында саат 18:30 чамасында пневматикалык мылтык менен көчөгө чыгып, жолдон өтүп бара жаткан адамдарды аткандыгын мойнуна алган. Шектүү Чүй РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.