Бишкек мэринин кабыл алуусуна жазылыңыз

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жеке кабыл алуусуна жазылуу үчүн шаар тургундары мэриянын коомдук кабылдамасына кайрылышы керек.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кабылдама Чүй проспектиси 360 дарегинде, 117-кабинетте жайгашкан.

Жарандар кайрылуусунун мазмунун кыскача баяндаган жазуу жүзүндөгү арыз калтырышы зарыл. Кабыл алууга 2-3 күн калганда жолугушуунун күнү жана убактысы билдирилет.

Кошумча маалыматты 0312-97-91-95 телефону аркылуу (ички номерлери: 4238, 4237, 0508) алууга болот.

Ал эми мэрдин орун басарларынын кабыл алуусуна жазылуу үчүн тиешелүү кабылдамаларга кайрылуу керек. Алардын ички номерлери:

  • экономика жана финансы маселелери боюнча – 1902;
  • социалдык маселелер боюнча – 1903;
  • турак жай-коммуналдык чарба, транспорт жана жол маселелери боюнча – 1901;
  • жер пайдалануу, архитектура, курулуш жана санариптештирүү маселелери боюнча – 1903;
  • отун-энергетика комплекси боюнча – 1904.

Мындан тышкары, мэриянын 610705 ишеним телефону да иштейт.

18 Ноябрь 2026 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча