Инспекторду унаанын капотунда сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө талапка баш ийбеген айдоочу инспекторду унаанын капотунда сүйрөп кетти.

Бишкек ШИИББден маалымдашкандай, окуя бүгүн, 18-ноябрда саат 8дер чамасында Чүй проспектиси менен Ч.Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, инспектор жабыркаган эмес.

Бул факты боюнча 280-берененин 4-пункту (бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми 1991-жылы туулган К.С. аттуу жаран райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, унаасы айып короого киргизилди.

18 Ноябрь 2026 жыл 13:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча