Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырды

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды президенттик шайлоого активдүү катышууга чакырат. Шайлоо күнү добуш берүүгө барган кызматкерлерге иш берүүчү ошол күн үчүн эмгек акысын төлөп берүүгө тийиш. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, жарандардын шайлоого катышуусу маанилүү. Ал эми добуш берүү бир нече мүнөт гана убакытты алат.

“Элибизден шайлоого келип, добуш берип кетүүнү суранам. Биз беш жылга өлкө президентин шайлап жатабыз. Ар бир жаран бул маселеге кайдыгер карабашы керек. Добуш берүү көп убакытты албайт”, — деди ал.

Ошондой эле ал шайлоо күнү жумуш күнү эмес, эс алуу күнү болуп эсептелерин белгиледи. Добуш берүүгө барган кызматкерлерге ошол күнкү эмгек акысы төлөнөт. Ал эми шайлоого катышпаган кызматкерлерге бул күн үчүн айлык акы төлөнбөйт.

Шайназаровдун айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясында ким добуш берүүгө келгендиги, ким келбегендиги тууралуу маалымат болот. Иш берүүчүлөр өз кызматкерлеринин шайлоого катышкан-катышпаганын тактоо үчүн комиссияга расмий кайрылуу жөнөтө алышат.

Ошол эле учурда шайлоочулардын кимге добуш бергендиги тууралуу маалымат купуя сакталат.

18 Ноябрь 2026 жыл 15:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча