Талас шаарында жаранды топ балдар темир жана жыгач таяктар менен сабаган окуяга байланыштуу дагы үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 1995-жылы туулган А.У., Ш.у.Ж. жана С.у.Ч. аттуу Талас шаарынын тургундары. Алар шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске салсак, буга чейин аталган окуя боюнча сегиз жаран кармалган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталып, учурда тергөө иштери уланууда. Кийин берене «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине алмаштырылган.