Криштиану Роналду кесиптик карьерасындагы 987-голун киргизди

Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду АФКнын Элиталык Чемпиондор Лигасынын 5-турунда катарлык «Аль-Саддга» каршы беттеште айырмаланды.

Оюндун 13-мүнөтүндө 41 жаштагы португалиялык футболчу пенальтини так аткарып, командасын алдыга алып чыкты. Бул гол анын кесиптик карьерасындагы 987-голу болуп калды. 1000 голдук чекке чейин Роналдуга 13 гол калды.

«Аль-Наср» үч оюндан алты упай топтоп, турнирдин Батыш тобунда 10-орунда турат. «Аль-Садд» болсо төрт беттештен кийин эки упай менен 13-сапта жайгашкан.

26 Ноябрь 2026 жыл 10:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча