Morandi музыкалык тобу 1-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында өтө турган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабынын ачылыш аземинде өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Топ майрамдык иш-чаранын музыкалык программасынын алкагында белгилүү чыгармаларын аткарат.
Ачылыш аземи саат 13:00дө башталат.
Иш-чарага кирүү бардык каалоочулар үчүн акысыз.