«Кыргызстанды жана анын элин жактырдым». Шакира Кыргызстандагы шоу тууралуу пикирин калтырды

18-октябрда Бишкек Аренада дүйнөлүк жылдыз Шакиранын концерти чоң аншлаг менен өттү.

Андан соң концерттен кийин атактуу ырчы өзүнүн расмий Инстаграм баракчасына концерттин жүрүшүнөн сүрөттөрдү жана күйөрмандардын жылуу пикирлерин жарыялап, Кыргызстандагы шоу тууралуу пикирин калтырды.

«Кыргызстан жана анын эли мага абдан жакты, укмуштуудай шоу үчүн рахмат!», — деп жазган Шакира билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 18-октябрда «Бишкек Аренада» өткөн Шакиранын концерти анын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болду.

20 Октябрь 2026 жыл 11:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча