Президент цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын борбору болушу керектигин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы дайындалган директору Нурлан Конокбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы мекеменин учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады.

Садыр Жапаров 2023-жылы Мамлекеттик циркке өзү барып, аны капиталдык реконструкциялоону тапшырганын эске салды. Мамлекеттик колдоонун аркасында циркти жаңылоого, өнөрпоздордун чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана балдар менен чоңдордун сапаттуу маданий эс алуусун уюштурууга шарттар түзүлгөн.

Ошол эле учурда президент көрүлгөн чараларга карабастан, узакка созулган ички пикир келишпестиктер мекеменин толук кандуу иштешине тоскоолдук кылганын айтты.

Садыр Жапаров Мамлекеттик цирк ички чыр-чатактардын эмес, чыгармачылыктын, артисттердин кесиптик өнүгүүсүнүн жана үй-бүлөлүк эс алуунун борбору болууга тийиш экенин баса белгиледи.

13 Октябрь 2026 жыл 16:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча