Баткенде салмагы 6 килограмм 200 грамм ымыркай төрөлдү

Баткен облусунда салмагы 6 килограмм 200 граммды түзгөн ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан билдиришти.

 Маалыматка караганда наристени 41 жаштагы эне 24-октябрда аман-эсен төрөгөн. Эненин жана ымыркайдын ден соолугу канааттандыралык абалда болгондуктан, 2-ноябрда үйүнө чыгарылган.

27 Ноябрь 2026 жыл 13:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча