Ашууларда кар жаап, жолдор тайгак болууда

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.

Мекемеден билдиришкендей, Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу айрым жолдордо жаан-чачын болуп, тоолуу аймактарда жана ашууларда кар жаап жатат. Айрым жерлерде коюу туман түшүп, көрүү мүмкүнчүлүгү начарлап, жолдордо муз тоңуп, тайгактык жаралууда.

Мындай шартта унаа башкарууда өзгөчө этияттык талап кылынат. Рулдагы кичинекей эле жаңылыштык олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

ЖКККББнын кызматкерлери тоолуу ашууларда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, айдоочулар менен жеринде жол эрежелерин сактоо боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

«Эсиңиздерде болсун, кар жана муз тоңгон жол кайдыгерликти кечирбейт. Шашпаңыздар, өз өмүрүңүздөрдү жана башкалардын коопсуздугун тобокелге салбаңыздар. Биздин башкы максат айып пул салуу эмес, жол кырсыктарынын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо», — деп айтылат маалыматта.

27 Ноябрь 2026 жыл 17:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча