Конго Демократиялык Республикасында 2026-жылдын май айында башталган Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 12 миңге жетти. Бул оорудан 5 миң 904 адам каза болгонун Anadolu агенттиги билдирди.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бийлик Конгонун тарыхындагы эң ири эпидемияга каршы күрөштү улантууда. Бирок, инфекциянын жайылышын токтотуу боюнча аракеттер куралдуу кагылышуулар жана жергиликтүү калктын каршылыгы менен татаалдашууда.
Май айында оорунун учурлары бир гана провинцияда катталганы менен вирус азыр сегиз провинцияга жайылган.
Ушул аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Африканын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору 2026-жылдын ноябрынан 2027-жылдын май айына чейинки мезгилди камтыган Бундибугё вирусуна каршы жаңыртылган континенталдык даярдык жана жооп кайтаруу планын жарыялашты.
Уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында, план коомчулуктун активдүү катышуусун, эрте аныктоону жана кам көрүүнү күчөтүүнү, ошондой эле өлкөлөр менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны камтыйт.