Умрага катталууда эмнелерди эске алуу керек?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев учурдагы жагдайга байланыштуу жарандарды шашылбастан, так маалымат алып умра сапарына барууга чакырды.

Анын айтымында, умра — ыйык жерлерде аткарылуучу ибадат болгондуктан, аны уюштуруунун атайын эрежелери бар.

«Бүгүнкү күндө аккредитациядан өткөн 35 компаниянын ичинен ар бир жаран каалаган фирманы өз алдынча тандоого укуктуу. Бирок айрым учурда жарандар өз укуктарын жана талаптарды толук билбей калышы мүмкүн. Ошондуктан фирманы тандаарда анын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, тажрыйбалуу адамдардан кеңеш алуу же түздөн-түз тиешелүү бөлүмгө кайрылуу сунушталат.

Ошондой эле зыяратчы умрага аттанардан мурда тандаган фирма менен расмий келишим түзүшү зарыл. Келишимдин бардык шарттарын, чыгымдардын көлөмүн жана мыйзам талаптарын тактап, компаниянын мурдагы ишмердүүлүгүн жана кызмат көрсөтүү сапатын шашпай карап чыккандан кийин гана катталуу чечимин кабыл алуу зарыл», — дейт ал.

26 Ноябрь 2026 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча