Кыргызстанда 9-декабрдан тарта мопед жана скутерлерди каттоо башталат

9-декабрдан тарта Кыргызстанда мопед, скутерлер, мотороллер, электроскутерлер жана ушул сыяктуу транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Өзгөртүүлөр 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 мыйзамда каралган. Мопедди башкаруу үчүн А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Бензин кыймылдаткычы бар мопеддерге кыймылдаткычынын көлөмү 50 куб сантиметрден ашпаган транспорт каражаттары кирет.

27 Ноябрь 2026 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча