Ички иштер министрлиги ата-энелердин көңүлүн жардыруучу түзүлүштөр коюлганы тууралуу атайылап жалган билдирүүлөрдүн, анын ичинде жашы жете электер тарабынан жасалган учурлардын көбөйүп жатканына бурат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай мындай аракеттерди жөн гана зыянсыз тамаша катары кароого болбойт. Ар бир мындай билдирүү ыкчам чара көрүүнү, текшерүү иштерин жүргүзүүнү, укук коргоо жана өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын олуттуу күчүн жана каражаттарын тартууну талап кылат. Мындан тышкары, мындай билдирүүлөр калк арасында тынчсызданууну жаратып, мамлекеттик мекемелердин кадимки иш тартибин бузат.
Ага ылайык ИИМ ата-энелерди балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууга, алардын кимдер менен баарлашып жүргөнүнө кызыгууга, мындай жосундарга жол берилбестигин жана анын укуктук кесепеттерин түшүндүрүүгө чакырат.
«Балдар жардыруучу зат коюлганы тууралуу жалган билдирүүлөр олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин, коомдук тартипти бузуп, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын күчүн жана убактысын чыныгы жардамга муктаж адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдан алаксытарын түшүнүшү маанилүү»,-деп айтылат билдирүүдө.
ИИМ ата-энелерден мындай учурларды көңүл сыртында калтырбоону жана балдары менен өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү өтүнөт.