«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы автобус айдоочуларын, 20 көзөмөлчүнү жана 20 слесарды жумушка чакырат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, автобус айдоочусу болууну каалагандар «D» категориясындагы айдоочулук күбөлүккө ээ болуп, кеминде үч жылдык айдоочулук стажы болушу керек.
Жумушка кабыл алуу тартиби жана эмгек шарттары тууралуу маалыматты ишкананын кадрлар бөлүмүнөн алууга болот.
Дареги: 7-Апрель көчөсү, 4/1Б. Байланыш телефону: 0312 531 789.