Өзгөндө 80 жаштагы айдоочу тротуарда бараткан эки окуучуну унаа сүзүп кеткен

Өзгөн районунун Куршаб айылында унаа тротуарда бара жаткан эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Кырсык көчөдөгү камерага жазылып калган.

Күбөлөрдүн айтымында, жаракат алган мектеп окуучуларынын бири окуя болгон жерде каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, 80 жаштагы айдоочу ден соолугуна байланыштуу ооруканага барайын жатканда ушул окуя катталган.

Азырынча жол кырсыгынын чоо-жайы белгисиз.

27 Ноябрь 2026 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча