Үлпөт тойдо баланы тепкен окуя: милиция эмне дейт?

Сокулукта өткөн үлпөт тойдо кичинекей баланы тепкен окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматты Чүй ОИИББден кабарлашты.

Буга чейин соцтармактарга үлпөт той учурунда ырдап жаткан жарандын кичинекей баланы көкүрөк тушка тепкен видеосу тарап, коомчулук арасында ар түрдүү талкуу жаралган.

Бул бооюнча Чүй облустук милициясы факты боюнча тиешелүү териштирүү иштерин баштап, бул көрүнүш Чүй облусунун Сокулук айылында болгонун билдирет.

«Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, жабыркаган кичинекей баланын, анын ата-энесинин жана тепкен жарандын ким экени аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуяга катышкан жарандын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет», — дешет башкармалыктан.

Азыркы тапта тиешелүү текшерүү иш-чаралары улантылууда.

26 Ноябрь 2026 жыл 14:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча