Депутат Камила Талиеванын мандатын тапшыруу боюнча арыз бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
«Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиеванын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.
Учурда Камила Талиева депутаттык ишмердүүлүгүн улантып, өз милдеттерин мурдагыдай аткарып жатканын маалымдайбыз»,-деп айтылат маалыматта.