Президенттикке аттангандардын төртөө 30 миң кол топтоду

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо уланууда. 22-ноябрдын кечине карата 11 талапкердин төртөө катталуу үчүн керек болгон 30 миң кол топтоду.

Эң көп колду учурдагы президент Садыр Жапаров чогулткан — 60 миң. Исхак Масалиевде 36 781, Аймен Касеновдо 34 931, Сыймык Жапыкеевде 31 140 кол бар.

Ал эми 30 миңге эң жакын калган талапкер — Клара Сооронкулова. Ал 26 129 кол топтоп, дагы 3 871 колго муктаж.

Жарандар талапкерлерди «Түндүк» тиркемеси аркылуу колдой алышат. Ал үчүн тиркемени ачып, башкы беттеги «Президенттикке талапкерлерди колдоо» бөлүмүнө кирип, тизмеден каалаган талапкерди тандап, колдоо көрсөтүү керек.

Бир жаран бир нече талапкерди колдой алат. Бул шайлоодо добуш берүү болуп эсептелбейт жана кийин кимге добуш берүүгө милдеттендирбейт. Кол топтоо 8-декабрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, 30 миң кол топтоо талапкердин шайлоого автоматтык түрдө катталганын билдирбейт.

23 Ноябрь 2026 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча