«Нур Умра Трэвел» туристтик компаниясы аркылуу умрага барган 250дөн ашык кыргызстандык Сауд Аравияда мекенине кайта албай калып, убактылуу жатаканага жайгаштырылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын умра бөлүмүнүн башчысы Абдулазиз Туташпаев билдирди.
«Бул жагдайга байланыштуу муфтий Абдулазиз Закировдун тапшырмасына ылайык атайын комиссия түзүлдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Сауд Аравиядагы өкүлдөрү жана мекендештердин жардамы менен умрага барган жарандар жатаканага жайгаштырылды. Учурда алардын коопсуздугу толук көзөмөлгө алынды», — деди ал.
Туташпаевдин айтымында, учурда зыяратчыларга авиабилеттерди алуу маселеси каралууда. Муфтият бардык жарандарды жакынкы эки күндүн ичинде Кыргызстанга кайтарууну пландаштырууда.