Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы сквердин курулушу башталды.
Мэриянын маалыматына ылайык, ал Абдрахманов жана 17-көчөлөрүнүн кесилишинде мурдагы балдар аянтчасынын ордуна курулууда.
Долбоордо балдар ойноочу аянтчаны, спорт менен машыгууга арналган воркаут аянтчасын жана кичи футбол талаасын куруу каралган.
Жаңы сквер конуштун тургундары, анын ичинде балдар жана жаштар үчүн эс алуу, спорт менен машыгуу жана активдүү убакыт өткөрүүчү жай болот.
Курулуш иштерин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.