Эки алтын жана бир күмүш. Дүйнө чемпионатында Кыргызстандык паратриатлончулар 3 медаль жеңди

Кыргызстандын курама командасынын спортчулары Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында паратриатлон боюнча эки алтын жана бир күмүш медаль жеңип алышты.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, мелдеш 13-22-ноябрь күндөрү өттү.

Мелдеш Long Distance Triathlon дисциплинасы боюнча көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында уюштурулду. Катышуучулар 3 чакырым сууда сүзүп, 120 чакырым велосипед тээп, 30 чакырым аралыкка чуркашты.

Эркектер арасында Дастан Камчыбеков гид Игорь Измаилов менен биргеликте алтын медаль утса, Жалалдин Абдувалиев гид Артём Ханадеев менен күмүш байгеге ээ болду.

Ал эми аялдар арасында Гүлназ Жүзбаева гид Оксана Рыбакова менен биргеликте чемпион аталды.

23 Ноябрь 2026 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча