Ысык-Көлдө туризмди жана ишкердикти өнүктүрүү демилгеси башталат

Ысык-Көл облусунда туризмди, жергиликтүү ишкерликти жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдаланууну колдоого багытталган жаңы демилге ишке ашырылат. Долбоорду Ага Хан фонду менен Данвит фонду өнөктөштүктө жүргүзөт.

Фонддон билдиришкендей, ал Каракол шаарын, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун айрым калктуу конуштарын камтыйт.

RISE Issyk-Kul демилгесинин алкагында жергиликтүү тургундардын, өзгөчө аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ишкерликти өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу каралган.

2026-жылы жергиликтүү коомчулуктардын муктаждыктары аныкталып, практикалык чечимдер сынактан өткөрүлөт. Бул иштердин жыйынтыгы 2027–2029-жылдарга пландаштырылган узак мөөнөттүү программанын негизин түзөт.

24 Ноябрь 2026 жыл 15:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча