“Альянс Алтын” компаниясы Ч. Мамбетов атындагы Талас облустук ооруканасына Американын алдыңкы Medtronic компаниясы чыгарган заманбап хирургиялык жабдууларды тапшырды. Жабдуулардын жалпы баасы 3 млн 416 миң сомду түздү.
Ооруканага Valleylab™️ FT10 электрохирургиялык платформасы (1 комплект), ачык операцияларды жүргүзүүгө арналган LigaSure™️ LF2019 аспаптары (2 даана) жана лапароскопиялык операциялар үчүн LigaSure™️ Maryland Jaw LF1937 аспаптары (2 даана) берилди.
Дарыгерлердин айтымында, аталган жабдуулар ткандарды кесүү менен бир убакта кан тамырларды бүтөөгө мүмкүндүк берет. Бул операцияларды тезирээк, коопсуз жана аз кан жоготуу менен жүргүзүүгө шарт түзөт. Бейтаптар мындай операцияларды жеңил көтөрүп, тезирээк сакайып, ооруканадан эрте чыгышат. Эми жергиликтүү хирургдар татаал жана лапароскопиялык операцияларды Таластын өзүндө жүргүзө алышат.
«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусундагы саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келет.


