Бишкекте инсульт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
23-25-ноябрда өтүп жаткан Кыргызстандагы инсульт маселелери боюнча биринчи улуттук конференцияда министр Дамир Осмонов быйыл тромболитикалык терапияны 171 бейтап алганын белгиледи. Былтыр мындай дарылоону жети гана бейтап алган.
Ошондой эле 2027-жылдан тартып Токмок жана Чүй жалпы дарыгерлик практика борборлорунда инсульт жана инфаркт менен жабыркагандарга жардам көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары пилоттук негизде сыноодон өткөрүлөт. Токмоктогу борборго компьютердик томограф орнотуу пландалууда.
Конференцияда инсультту эрте аныктоо, адистештирилген борборлорду өнүктүрүү, реабилитация жана медициналык кадрларды даярдоо маселелери да каралууда. Мындан тышкары, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын өкүлдөрү инсульт боюнча аймактык альянс түзүү жана кымбат баалуу дары-дармектерди биргелешип сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат.