Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы узундугу 600 метрди түзгөн алты эски балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, браконьерликке бөгөт коюу жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо максатында рейддик иш-чараларды министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгы өткөргөн.
Эски балык уулоочу торлор Тоң районунун жана Балыкчы шаарынын аймагындагы көл акваториясынан чыгарылган.