Кыргызгидромет кызматы Бишкек шаарында 27-ноябрдан тарта аба ырайы салкындай турганын билдирди.
Ага ылайык, 24-26-ноябрда күндүз абанын температурасы +16…+24 градус жылуу болсо, 27-ноябрда күндүз +7…+9, түнкүсүн +2…+4 градуска чейин төмөндөйт. 28-30-ноябрда күндүз +5…+10 градус жылуу болушу күтүлөт. 30-ноябрда түнкүсүн 0…+2 градуска чейин түшөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзүп, 24-ноябрда күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.
24-ноябрь: түнкүсүн +9…+11 күндүз +16…+18
25-ноябрь: түнкүсүн +5…+7 күндүз +16…+18
26-ноябрь: түнкүсүн +6…+8 күндүз +22…+24
27-ноябрь: түнкүсүн +2…+4 күндүз +7…+9
28-ноябрь: түнкүсүн +1…+3 күндүз +8…+10
29-ноябрь: түнкүсүн +1…+3 күндүз +6…+8
30-ноябрь: түнкүсүн 0…+2 күндүз +5…+7