Бүгүн, 24-ноябрда, Өтмөк жана Төө-Ашуу ашууларында аба ырайы бүркөк болуп, кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
«Өтмөк ашуусунда кар жаап, бороон болуп жатат. Учурда автомобиль жолунда каттам ачык. Ошондой эле Бишкек–Ош автомобиль жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, жол тейлөө кызматкерлери тарабынан кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө. Каттам үзгүлтүксүз камсыздалууда.Ал эми Бишкек–Торугарт автомобиль жолундагы Долон ашуусунда аба ырайы ачык. Жол таза, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унаалардын ортосундагы аралыкты кармоого жана кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө чакырат.