13–16-октябрь күндөрү Бишкек – Нарын – Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 128-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин аткарылат.
Ага байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт. Эгерде 30–40тан ашык унаа топтолсо, аларды өткөрүү үчүн кооптуу таштарды түшүрүү иштери убактылуу токтотулат.
Андыктан ишкана айдоочуларды сапарларын алдын ала пландап, жолдогу убактылуу чектөөлөрдү эске алууга чакырат.