Өлкө боюнча 252 жаңы трансформатор орнотулат

Энергетика министрлиги 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата электр тармактарын жаңылоо иштерин жигердүү жүргүзүүдө. 

Ведомстводон белгилешкендей, «Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында өлкөгө 252 жаңы күч трансформатору алынып келди.

Аларды орнотуу иштерин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы ишке ашырат.

Трансформаторлор кайда орнотулат?

  • Электр энергиясын керектөө ашыкча өсүп жаткан аймактарга;
  • Эскирип, талапка жооп бербей калган жабдуулардын ордуна;
  • Жаңы конуштарга жана курулуш жигердүү жүрүп жаткан райондорго.

Бул эмне берет?

Жаңы жабдуулар 25 жылга чейин кызмат кылууга эсептелген. Алар кышкы эң жогорку жүктөмдө ашыкча жүктөлүүнү азайтып, кошумча кубаттуулук резервин түзөт. Ошондой эле, жаңы керектөөчүлөрдү тармакка тоскоолдуксуз кошууга шарт түзөт.

Инфраструктураны модернизациялоо — калкты үзгүлтүксүз, сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоону көздөйт.

9 Октябрь 2026 жыл 14:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча