Айдоочуларга коңгуроо! 26-30-октябрь күндөрү Боом капчыгайында жол жабылат

26-30-октябрь күндөрү Боом капчыгайындагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, иштер күн сайын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Бул убакта жол убактылуу жарым-жартылай жабылып, унаалар бир тилке аркылуу өткөрүлөт.

«Эгер жолдо 30-40тан ашык унаа топтолсо, алардын өтүшүн камсыз кылуу үчүн кооптуу таштарды түшүрүү иштери убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

22 Октябрь 2026 жыл 17:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча