Кытайда жер титирөөдөн 16 адам каза болуп, 32 адам жаракат алды

Тибет жана Нагчуда болгон жер титирөөдөн 16 адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүү жана куткаруу тобу жеринде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Тибеттеги Нагчу шаарынын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, Тибет менен Нагчу шаарында 7 баллдык жер титирөө катталган.

Анын кесепетинен 16 адам каза болуп, 32 адам жаракат алган. 339 үй урап калган.

Кырсыктын масштабы дагы эле бааланып жатат, ошондой эле издөө-куткаруу операцияларын жана жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү камтыган куткаруу жана гуманитардык аракеттер уланууда.

23 Октябрь 2026 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча